Кыргызстандык компания Кытайга 22 миң даана бөтөлкө шарап экспорттоду

 Кыргызстандык компания Кытайга 22 миң даана бөтөлкө шарап экспорттоду

Кыргызстандык компания Кытайга 22 миң даана бөтөлкө шарап экспорттоду.

Айыл чарба министрлигиненбилдиришкендей, 2024-жылдын жай мзгилинде Кыргызстандын «Аталык групп» компаниясы Кытай тарап менен Кытайдын аймагына спирт ичимдиктерин жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Тандоо “Кагор Черные глаза” шарабына туура келген. Анткени ал ичимдиктин ширин келип, спирттин өлчөмү бираз жогорураак экендиги белгиленген.

Жакында Кытайга Кыргызстандан 22 миң даана бөтөлкө “Черные глаза” шарабы “Торугарт” өткөрмө бекети аркылуу жөнөтүлдү.

Связанный пост