Адылбек Касымалиев: Дүйнөлүк банк биздин негизги өнөктөшүбүз

Вашингтондо Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын операциялар ишмердүүлүгү боюнча директору Анна Бьерде менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын жана бүтүндөй Борбор Азия аймагынын энергетикалык коопсуздугун жана экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык долбоору болгон Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Адылбек Касымалиев бул сапардын жемиштүү болгонун баса белгилеп, Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен болгон жолугушуулар банктын Камбар-Ата ГЭС-1 стратегиялык долбоорун бир гана Кыргыз Республикасы үчүн эмес, бүтүндөй Борбордук Азия аймагы үчүн, курулуш долбоорун колдоого умтулуусун дагы бир жолу тастыктаганын белгиледи.

“Дүйнөлүк банк биздин негизги өнөктөшүбүз жана биз биргелешкен күч-аракет менен бул аймак үчүн эң маанилүү долбоорду ишке ашыра аларыбызга ишенебиз”, – деди Адылбек Касымалиев.

Тараптар ошондой эле Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалын жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, жеке секторду өнүктүрүүгө жана өлкө жарандарынын материалдык жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган реформаларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Анна Бьерде Кыргызстандын реформаларды ишке ашыруудагы жетишкендиктерин жогору баалап, Дүйнөлүк банктын Кыргызстанда туруктуу өнүгүүгө умтулуусун белгиледи.

“Биз Кыргызстандын гүлдөп өнүккөн жана инклюзивдик коомду куруу аракеттерине колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору туруктуу өнүгүүгө жетишүү жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен күч-аракеттердин жаркын мисалы болуп саналат”, – деди Анна Бьерде.

Маалымат үчүн: Анна Бьерде — Дүйнөлүк банктын операциялар ишмердүүлүгү боюнча башкаруучу директору. Анын милдеттерине жакырчылыктан жана климаттын өзгөрүүсүнөн азык-түлүк тартыштыгына, карызга, теңсиздикке, пандемияга жана чыр-чатакка чейин дүйнөдөгү эң орчундуу өнүгүү көйгөйлөрүн чечүү боюнча Дүйнөлүк Банктын ишин жетектөө кирет. Мындан тышкары, ал банктын кардар-өлкөлөрүндөгү 340 миллиард долларлык программалардын портфелин көзөмөлдөйт.

Связанный пост