Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады

 Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, кыргызстандыктарды Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

“Урматтуу жергиликтүү жамаат өкүлдөрү!

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ардактуу кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Биз ар дайым мамлекеттин эң башкы байлыгы – эл деп келебиз. Биздин бардык аткарган иштерибиз элге багытталууда, элдин көйгөйүн чечүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз.

Мына ушул жаатта өлкө аймактарында жүргүзүлүп жаткан социалдык, экономикалык жана маданий иш-аракеттер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жамааттар аркылуу ишке ашууда. Биз сиздердин аймактарды өнүктүрүүгө жасаган далалатыңыздар менен натыйжалуу жыйынтыктарга жетип жатабыз.

Айыл аймактарда, шаарларда социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкарууда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын арттыруу, калктын бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында административдик-аймактык реформаны ишке ашырдык.

Мамлекеттин өнүгүшү жергиликтүү аймактардын өнүгүшүнөн башталаарын эске алганыбызда, административдик-аймактык реформанын ишке ашырылышы менен ыкчам темпте алдыга жылабыз деген ишенимдебиз.

Жергиликтүү жамааттар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эл менен жакындан иш алып барып, алардын күнүмдүк көйгөйлөрүнүн чечилишине ыкчам чечимдерди кабыл алышууда. Элдин суроо-талабы акырындап аткарыла баштады. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу иш алып бара жаткандыгынан жана бул тармакка эл-жер үчүн күйө билген, кесипкөй адистердин келе баштагандыгынан кабар берет. Ушул ыргактан жанбай, жакшы иш-аракеттер мындан ары да күчөтүлүшү кажет. Ошол эле маалда жер-жерлердеги көйгөйлөрдүн чечилишине жергиликтүү коомчулук дагы жигердүү катышуусу зарыл экенин кошумчалай кетейин.

Мындан улам, жергиликтүү жамааттарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мындан ары да колдоо өтө маанилүү. Биз жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүүгө багытталган демилгелерге ар тараптан көмөк көрсөтүүнү улантабыз.

Урматтуу жергиликтүү жамаат өкүлдөрү!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Элибиздин урагыс биримдигин, ынтымагын сактоодо, айылдарыбыздын, шаарларыбыздын турмуш шартын жакшыртууда, ар бир үй-бүлөнүн жана ар бир тургундун бакубатчылыгын камсыз кылууда, ата-бабаларыбыздан калган нарк-насилибизди сактап, кийинки муунга жеткирүүдө сиздердин салымыңыздардын зор экенин дагы бир жолу баса белгилейм.

Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш жана туруктуу өнүгүү каалайм!

Жоопкерчиликтүү ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун!”

Связанный пост