Ирандагы аба соккуларынан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

 Ирандагы аба соккуларынан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Ирандын аскердик инфраструктурасына жасалган бир катар аба соккуларынан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстандын Ирандагы элчилиги өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары менен туруктуу байланышта.

Муну менен катар элчилик аларды өздүк коопсуздуктун максималдуу чараларын камсыз кылууга чакырат.

Элчиликтин +982122830354 жана +989352505226, ошондой эле ТИМ консулдук департаментинин +996999312002 ыкчам байланыш телефону иштейт.

Иранда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн бул номерлерге кайрылышса болот.

Связанный пост