Акылбек Жапаров Ош шаарындагы социалдык объектилердин курулушу менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарындагы социалдык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Алгач минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин Медициналык клиникасы курулуп жаткан жерге барды. Жалпы 7 кабаттан турган клиника 2 гектар жерге салынууда. Анда поликлиника, тез жардам, операция жасоо бөлүмдөрү, дарылануучулар үчүн ыңгайлуу бөлмөлөр, окуу аудиториялары, жыйындар залы жана китепкана жайгашат. ОшМУнун клиникасы — медицина адистигиндеги студенттерди, ординаторлорду даярдоочу базага айланып, аларга тажрыйбалуу дарыгерлердин жетекчилиги астында практикалык билим алуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүү пландаштырылууда.

Андан соң минкаб төрагасы Жапалак муниципалдык аймактык башкармалыгында Ч. Түлөбердиев атындагы № 34 мектепте курулушу жүрүп жаткан 225 орундуу кошумча окуу корпусу жана спорт залы менен таанышты. Бул мектептин долбоор боюнча сметалык баасы 95,7 млн сом. Курулуш иштери дээрлик бүткөрүлгөн, учурда сырдоо жана көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып чыккан минкаб төрагасы Акылбек Жапаров курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана өз убагында бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерине, ошондой эле куруучуларга тапшырды.

Связанный пост