Нарын облусунда 4 ири заводдун курулушуна капсула салынды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында 4 заводдун курулушуна капсула салуу аземине катышты, алар “Нарын СЭЗ – Кашкар СЭЗ” индустриалдык паркында жайгаштырылат.

Тактап айтканда, “Нарын-Шумкар” унаа куроочу завод, “Нарын чырак” светодиоддук лампа чыгаруучу завод, “Нарынкагаз” кагаз буюмдарын чыгаруучу завод, айыл чарба дрондорун чыгаруучу “Нарын алгыр технолоджи” ишканасы курулат.

“Бүгүнкү иш-чара биздин коңшубуз Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилелердин жаңы, жогорку деңгээлге чыкканынын белгиси. Президент Садыр Жапаровдун былтыр Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен тарыхый сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгында жаңы доордогу стратегиялык өнөктөштүк декларациясына кол коюлуп, бүгүнкүдөй кадамдарга жол ачылган. Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө 128 объект ачылса, ал эми Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөн күнүнө карата 14-октябрга карата дагы 45 объект ишке берилди. Жылдын аягына чейин дагы 100 объектти ачуу пландалууда. Ачылган ишканалардын көбү өндүрүштүк, анын ичинде Ат-Башы эл аралык соода-логистикалык борборундагы “Нарын мото” компаниясы, мык чыгаруучу завод жана башка ишканалар”, – деди Акылбек Жапаров.

Бүгүн курулушу башталган ишканаларга токтолгон минкаб төрагасы “Нарын Шумкар” автозаводуна 130 миллион доллар инвестиция тартыларын белгиледи. Курулуш аяктагандан кийин заводдо 10 миңден ашык жумушчу орун түзүлүп, жылдык өндүрүш көлөмү 20 миңден ашык автоунааны түзөт.

“Нарын Чыра светодиоддук лампа чыгаруучу заводго 10 миллион доллар инвестиция тартылып, жылына 30 миллион лампа чыгарып, 200гө жакын жумуш орундарын түзүү пландалууда.

“Нарын Кагаз” кагаз буюмдарын чыгаруучу заводдун курулушуна 10 миллион доллар жумшалат, жылына 6 миң тонна кагаз продукциясын чыгаруу жана 100дөн ашык жумушчу орундарын түзүү күтүлүүдө.

Мындан тышкары, “Нарын алгыр технолоджи” ишканасы айыл чарбасы үчүн дрондорду чыгарып, 50дөн ашык жумушчу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Связанный пост