Баткен бажысы 2,5 тоннадан ашык тоок жумурткасын мыйзамсыз алып келүү фактысын аныктады
Баткен бажысы 2,5 тоннадан ашык тоок жумурткасын мыйзамсыз алып келүү фактысын аныктады.
МБКнын маалыматына ылайык, «Баткен» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын бузуу фактысы аныкталган.
Баткен облусунун Кадамжай районунунда «Ж.М.К.» жаранынын башкаруусунда «Ford Transit» маркасындагы автоунаа каражаты текшерилген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө автоунаанын жүк бөлүгүнөн 39 990 даана санда, маркировкасы жок, жүк коштоочу жана бажылык тариздөө фактысын тастыктаган эч кандай документтери жок товарлар – тоок жумурткалары табылган.
Автоунаа каражаты «Кайырма+Дума» ЖЧКсынын аймагына убактылуу сактоо үчүн киргизилип, товар ветеринардык-санитардык талаптарына ылайык чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министирлигине караштуу ветеринардык кызматынын Баткен райондук ветеринардык башкармалыгына өткөрүлүп берилди.