Акылбек Жапаров: 2024-жылды – “Кылым окуяларынын жылы” деп бааласак жарашат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Акылбек Жапаров мааракеге байланыштуу президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин атынан куттуктоо сөздөрүн айтты.

“Эгемендүү Кыргызстан быйыл Кара-кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдыгын зор жетишкендиктер менен тосуп жатат. Бул маараке 1924-жылы автономдуулукка умтулган азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын – кийинки муунга аманат катары тапшырган Эгемен Кыргызстандуу болуу менен бирге аны өнүктүрүү милдетин татыктуу аткарып жаткандыгыбыз менен коштолууда. Бул – улуу сыймык.

Быйыл 2024-жылды биз – “Кылым окуяларынын жылы” деп сыймык менен бааласак жарашат Ушул каарман жолдо сапарлаш болгон замандаштарыма бардык жакшылыктарды каалайм. Бизге чейинки жана азыр ушул жерде отурган ар бириңиздердин салымыңыздар менен – өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгынын жана Кыргыз мамлекетинин келечегинин өзөгү кармалып турат. Мамлекет башчыбыз быйыл бизге салмактуу иштерди ишке ашырууну тапшырган. Биз аны аткаруунун үстүндө иштедик. Быйыл биз: өнөр жайда 100дөн ашык завод, фабрика, ишкананы ишке киргиздик, 100 социалдык объектти ачтык, анын ичинде 100дөн ашык мектепти жаңы салдык, үй тибиндеги 200, кыска мөөнөттүү 300 бала бакча ачылды, энергетикада 100 МВттан ашык жаңы кубаттуулук ишке кирди, ар түрдүү тармактарда миңдеген атайын техникалар сатып алынды, административдик-аймактык реформа жүргүзүлдү ушул сыяктуу иштердин баары экономикалык жактан өсүүгө түрткү болду. Мен чекесин гана айттым”, – деди Акылбек Жапаров.

Минкаб төрагасы андан ары калктын аярлуу катмарын колдоого жана жакырчылыкты кыскартууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.

“Биз адамдарды жөн эле жөлөк пул алууга эмес, акча табууга үйрөттүк. 2022-жылы жакыр жашаган 111 миң үй-бүлө бар болсо, 2024-жылы алардын саны 81 миң үй-бүлөгө чейин кыскарды. бул максатта бюджеттин чыгашалары 25 млн долларды түздү”, – деди ал.

Связанный пост