Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Анкарадагы терактка байланыштуу көңүл айтты

 Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга Анкарадагы терактка байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга Анкара шаарындагы теракттан улам болгон трагедияга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“2024-жылдын 23-октябрында Анкара шаарындагы «TUSAŞ» компаниясына болгон теракт тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам. Жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетүүсүн каалайм.
Кыргыз Республикасы терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптайт жана боордош Түркияны терроризмге каршы күрөшүүдө ар дайым колдойт”, – деп айтылат телеграммада.

Связанный пост