Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча ишин улантууда

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча ишин улантууда. Улуттук агенттик бул иштин алкагында 2023-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын жана элчиликтеринин өкүлдөрүн бир аянтка чакырды.

Иш-чара Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган Кыргыз Республикасына инвестициялардын өсүшүнө жана көмөктөшүүсү боюнча Дүйнөлүк банктын тобуна кирген IFC долбоорунун көмөгү менен уюштурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө дипломаттарга Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө кеңири маалымат, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга жана чет өлкөлүк ишкерлер үчүн өбөлгө түзүүгө инвесторлорду коргоонун натыйжалуу ыкмалары берилди.

Улуттук агенттиктин директорунун орун басары Н. Баясов мамлекет тарабынан чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде фискалдык реформалар, инвестициялык виза алуу мүмкүнчүлүктөрү жана экономиканын артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасында ийгиликтүү иштеп жаткан инвесторлор тарабынан маселелерди же даттанууларды чечүү, чара көрүү механизмдери сунушталды.

“Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Улуттук агенттик тарабынан 17 даттануу иштелген, анын 10у каралып, 80 млн. АКШ долларынан ашык инвестиция жана 300 жумушчу орун баштапкы баскычында сакталып калган”, – деди Н.Баясов.

Өз кезегинде талкуунун жүрүшүндө дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү Улуттук агенттиктин инвестицияларды тартуу жана сактоо боюнча аракеттерин жогору баалады жана мындан ары кызматташуу жана өз өлкөлөрүнөн инвестицияларды тартуу боюнча өз сунуштарын айтышты.

Связанный пост