2023-жылдын 7 айына карата дем берүүчү гранттардын эсебинен 21 долбоор каржыланган

 2023-жылдын 7 айына карата дем берүүчү гранттардын эсебинен 21 долбоор каржыланган

Бүгүнкү күндө республика боюнча 2023-жылдын 7 айына карата дем берүүчү гранттардын эсебинен 13 млн сом суммасында 21 долбоор каржыланган. Анын ичинен, 8 мектепке 5,2 млн сом каржыланды. Тактап айтканда, Жалал-Абад областына 6 мектепке 4 млн сом, Ош областына 2 мектепке 1,2 млн сом каржыланып берилди.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аймактардагы социалдык маанилүү объектилерди: бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду жана спорт аянтчаларын капиталдык оңдоого бөлүнгөн каражаттар.

«Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында «дем берүүчү гранттар» беренеси боюнча 800,0 млн сом каралган. 2023-жылы ишке ашыруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 332 долбоор жактырылган.

Связанный пост