2022-жылы Чүй облусуна 546,6 млн сом бөлүнгөн

 2022-жылы Чүй облусуна 546,6 млн сом бөлүнгөн

2022-жылы Чүй облусуна 546,6 млн сом бөлүнгөн. 2023-жыл 328,2 млн сом менен бекитилди. Бул тууралуу КР Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Чүй облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 546,6 млн сом акча каражаты каржыланган, алар:

  1. Теңдөөчү трансферт –  103,6 млн сом;
  2. Максаттуу трансферттер – 443,0 млн сом, анын ичинен:

– ыйгарым укуктарды берүүгө – 37,4 млн сом;

– муниципалдык кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына – 174,1млн сом;

– маданият кызматкерлердин айлык акысынын жогорулашына – 55,7 млн сом;

– электр энергиясына болгон 50% компенсациясына – 1,2 млн сом;

– жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга –109,6 млн сом;

– “Мыкты айыл өкмөтү” наамына – 0,5 млн сом;

– башкы пландарга – 8,5 млн сом;

– жылуулук энергиясынын карызын жабууга – 40,1 млн сом;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык тартыштыгына – 15,9  млн сомду түздү.

​Чүй облусу боюнча 2022-жылдын ичинде 288 долбоор ишке ашырылып, ага 95,7 млн сом акча каражаты каржыланды, анын ичинен:

  1. Мектептерге 23 долбоор – 41,1 млн сом;
  2. Саламаттыкты сактоо мекемелерине 2 долбоор – 3,4 млнсом;
  3. Инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 10 долбоор – 27,8 млн сом;
  4. Спорттук курулуштарга 1 долбоор – 2,8 млн сом;
  5. Маданий маанидеги объектилер 6 долбоор – 12,0 млнсом;
  6. Бала-бакчаларга 5 долбоор – 8,6 млн сомго акча каражаты каржыланды.

Капиталдык салымдар беренесинен Чүй облусу боюнча 2022-жыл ичинде 3,3 млрд сом каралып, толугу менен каржыланган.

2023-жылга республикалык бюджеттен Чүй облусуна 558,6 млн сом каралат.

Чүй облусу боюнча  теңдөөчү трансферттин көлөмү 328,2млн сом менен бекитилип, ал райондор боюнча төмөнкүчө:

  1. Аламүдүн району – 5,1 млн сом;
  2. Кемин району – 20,2  млн сом;
  3. Ысык-Ата району – 80,0 млн сом;
  4. Сокулук району – 55,7 млн сом;
  5. Жайыл району – 70,5 млн сом;
  6. Москва району – 36,4 млн сом;
  7. Панфилов району – 15,6 млн сом;
  8. Чүй району – 44,7 млн сом бөлүнөт.

Связанный пост