Жалал-Абадда жер титирөөнүн күчү 3 баллга жетти

 Жалал-Абадда жер титирөөнүн күчү 3 баллга жетти

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 09:08де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Сузак районунун Таралча, Канжыга айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост