Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада алтын, күмүш жана коло медалга ээ болушту

 Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада алтын, күмүш жана коло медалга ээ болушту

Кыргызстандык окуучулар өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту.

Олимпиада 9-майдан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 72 окуучу катышты.

Кыргызстан командасы:

  1. Корнияш Фёдор, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси – алтын медаль;
  2. Акенеев Тимур, “Газпром Кыргызстан” мектеби – күмүш медаль;
  3. Мусаходжаев Султан, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы – коло медаль;
  4. Даниярова Мерида, Бишкек шаарындагы Intellect School жалпы билим берүүчү жеке мектеби – катышуучу;
  5. Шакиралиев Адилет, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;
  6. Сарыкбаев Саян, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;
  7. Токтоназаров Амантур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;
  8. Айдаров Бектур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу.

Команданын машыктыруучусу: “Газпром Кыргызстан” мектебинин мугалими Мамат Ишматов.

Связанный пост