Өлкөнүн мал базарларын жакшыртуу: 77 593 м² асфальтталды, 26 900 м² шагыл төгүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун 2024-жылдын 7-октябрындагы тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында айыл аймактарынын инфраструктурасын жакшыртуу, өлкөнүн мал базарларын жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер аткарылды.

Биринчи этабы бүткөрүлүп, анын жүрүшүндө 77 593 чарчы метр аянтка асфальт төшөлүп, цемент стяжка менен жабдылып, 26 900 чарчы метр аянтка шагыл таш төшөлдү.

Бул санитардык-гигиеналык шарттарды олуттуу жакшыртууга, коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга жана айыл чарба жаныбарларын сатуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берди, бул мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана айыл тургундарынын экономикалык бакубаттуулугуна оң таасирин тийгизет.

Иштин эң чоң көлөмү Чүй (12 623 м² асфальт, 2 000 м² шагыл таш), Ош (6 000 м² ашык асфальт-бетон) жана Жалал-Абад (20 000 м² ашык бетон) облустарында аткарылган. Баткен облусунда бир нече базарларда асфальт жана цемент шпагаларын колдонуу менен шарттар жакшыртылды. Талас районунда мал базарлардын чоң аянтында жолдор бетондолду. Нарын облусунда жаңы курулуштар жана айрым базарлардын көчүрүлүшүнө байланыштуу иштер уланууда. Ысык-Көл облусунда да иш уланууда, анын ичинде инфраструктураны жакшыртууга кошумча каражаттарды бөлүүнүн эсебинен.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-октябрына карата 7 жаңы муниципалдык базар (Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов жана Сокулук райондору) ишке кирсе, дагы үчөө (Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа жана Кадамжай району) курулууда, ошондой эле 2 жеке базар ачылуу аллында. Бул маселени чечүү үчүн комплекстүү мамилени көрсөтүп турат.

Бул багыттагы иштер 2025-жылы өлкөнүн бардык модернизацияга муктаж болгон мал базарларын камтуу максатында улантылат.

Связанный пост