Азык-түлүк коопсуздугу: Маматканов БУУнун өкүлү менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ БАТП) аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Карл Скау менен жолугушту.

Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Улан Маматканов БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан Кыргыз Республикасына көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалап, мындан ары өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Өзгөчө көңүл мектепте тамактандыруу системасын өнүктүрүүгө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана социалдык жактан аялуу абалда турган жарандарды, анын ичинде балдары бар үй-бүлөлөрдү, майыптыгы бар адамдарды, улгайган жарандарды жана жетүүгө кыйын калктуу конуштардын тургундарын колдоого бурулду.

Ошондой эле даректүү азык-түлүк жардамын күчөтүү жана муктаж жарандарды толук кандуу тамак-аш менен камсыздоого багытталган башка чараларды ишке ашыруу маселелери талкууланды. Карл Скау өз кезегинде мындан ары кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биргелешкен долбоорлорду жана аталган багыттар боюнча пилоттук программаларды ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Тараптар 2025-2030-жылдарга карата Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасын ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.

Связанный пост