Президент Садыр Жапаров жана Пакистандын премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф «Ала-Арча» паркындагы этномаданий программа менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф бүгүн, 2-сентябрда, улуттук каада-салттарга жана маданиятка арналган этномаданий программа менен таанышты.

Делегация башчылары орто кылымдардагы көчмөндөр маданиятынын стилинде жасалгаланган «Кыргыз айылы» көргөзмө комплекси уюштурулган «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барышты.

Конокторду добулбастардын коштоосунда төкмө акындар, зоот кийимчен баатырлар жана улуттук кийим кийген кыздар тосуп алышты.

Пакистан делегациясына кыргыздын салттуу тамактары, ошондой эле кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрү, анын ичинде килем, шырдактар, боз үйдүн бөлүктөрүн, кылыч жана айбалталарды жасоо өнөрү көрсөтүлдү.

«Кайбар» элдик-фольклордук ансамбли Кыргызстандын жана Пакистандын элдеринин музыкалык чыгармаларын, ошондой эле дүйнөлүк классиканын чыгармаларын аткарып беришти.

Чет өлкөлүк меймандарга ошондой эле алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылык кылуу өнөрү көрсөтүлүп, улуттук бийлер тартууланды.

Связанный пост