Караколдо стадиондун ачылышы болду

«Өлкөбүздө спорт, өзгөчө футбол жаатында болуп жаткан инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр – стадиондорду, футболдук оюн талааларын, спорттук базаларын кайрадан калыбына келтирүү иштери, жаңыларды куруу иштери аябай чоң темп менен жүрүп жатат», — деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-майда, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Ынтымак» футбол стадионунун ачылыш аземинде белгиледи.

Мамлекет башчысы жаңы стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, спорт залды, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрдү жана административдик жайларды көрүп чыкты.

Мында заманбап үн жабдуусу жана көрүүчүлөр үчүн чоң LED-экран менен орнотулган. Гибриддик талаада автоматташтырылган сугат системасы бар, аянт чуркоо жолу менен жабдылган, машыгуу аянтчалары көрктөндүрүлгөн.

Садыр Жапаров стадион 1974-жылы курулганын жана андан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөгөнүн эске салды. Эки жыл мурда Президент стадионду реконструкциялоо үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүү тапшырмасын берген.

«Стадион — бул жөн гана оюн талаасы эмес. Бул — шаар жаштарын сергек жашоого үндөөчү, спорттун түрлөрү менен машыгып, ден соолугун чыңдоочу, жамы журт чогулуп, ар кандай мелдештерди, концерттик иш-чараларды өткөрүүчү жана эң башкысы спорттук күрөштүн аренасы гана эмес, биримдикти, ынтымакты жана мекенчилдикти чыңдоочу ордо», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Жаңы стадион 3380 көрүүчүгө ылайыкталган жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Кечки беттештерди өткөрүү үчүн Кыргызстандын футбол союзу жарык берүүчү мамыларды орнотту. Административдик жайлар, медиа зоналар, медициналык, калыстар, допинг көзөмөл бөлмөлөрүн жана башка техникалык бөлмөлөр – баары жаңыланды. 200дөн ашык орундуу унаа токтотуучу жайы дагы салынган.

«Ошентип, өлкөбүздө спорт, өзгөчө футбол жаатында болуп жаткан инфратүзүмдүк өзгөрүүлөр – стадиондорду, футболдук оюн талааларын, спорттук базаларын кайрадан калыбына келтирүү иштери, жаңыларды куруу иштери аябай чоң темп менен жүрүп жатат. Быйыл дагы 15 стадиондо, анын ичинде Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларындагы ири стадиондордо калыбына келтирүү иштери башталды», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле бул иштердин бардыгы «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жана «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө» Жарлыктарынын алкагында ишке ашырылып жатканын өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы 51 миң орунга эсептелген Борбор Азиядагы эң чоң стадиондордун бири курулуп жатканын эске салды. Ал ошондой эле Кыргызстан 2031-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогун өткөрүүгө арыз бергенин белгиледи.

Соңунда Садыр Жапаров азыркы учурда заманбап «Ынтымак» стадионунда жогорку деңгээлдеги футбол беттештерин өткөрүүгө болорун канааттануу менен белгиледи. Ошондой эле ал стадион жалпы республикада да, Каракол шаарында да кыргыз футболунун өнүгүшүнө чоң салым кошоруна, дал ушул жерде жаш спортчулар машыгып, мелдештерге даярданышып, алардын арасынан өлкө намысын даңазалаган чемпиондор чыгаарына ишенимин билдирди.

Ачылыш аземинен кийин Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 11-турунун алкагында “Барс” (Каракол) жана “ОшМУ” (Ош) футбол клубдарынын беттеши болуп, ага Президент Садыр Жапаров катышты.

Связанный пост