Ала-Тоо аянтына жаңы жылдык балаты орнотула баштады

 Ала-Тоо аянтына жаңы жылдык балаты орнотула баштады

Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатынын темир каркасын орнотуу иштери башталды.

Мэриядан маалымдашкандай, балатыны «Тазалык» ишканасынын адистери орнотуп, андан соң «Бишкекжарыктын» кызматкерлери тарабынан кооздоо иши улантылат.

Быйыл жаңы жылдык балаты фонтан комплексинин ортосуна орнотулат. Башкы балатынын бийиктиги 32 метр, диаметри 13 метр.

Эскерте кетсек, жаңы жылдык балатыны орнотуу болжол менен 25 күнгө созулат.

Связанный пост