Чүй облусунда 6 саат ичинде 42 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана одоно жол эрежелерин бузган айдоочуларды тартипке келтирүү иретинде Чүй облусунун аймагындагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна “Авто ураган” аппараттык комлексин ишке киргизип, 6 саат ичинде издөөдө жүргөн, каттоодон убактылуу чыгарылган, төлөнбөгөн айып пулдары менен жүргөн, ылдамдыкты ашырып айдаган авто унааларды жана башка эреже бузууларды аныктап, жалпысынан 42 авто унааны убактылуу айып короо жайына токтотушту.

 

“Авто ураган” аппараттык комлекси төмөнкү эреже бузууларды аныктайт:

-Издөөдө жүргөндүгүн;

-Айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндөрүн жана сотко өткөндөрүн;

-Каттоосу убактылуу токтотулгандарын;

-Ылдамдыкты ашырып айдагандарын жана башка баардык укук бузууларын аныктайт.

Связанный пост