Москва району кант кызылчасынан жогорку түшүм алды

 Москва району кант кызылчасынан жогорку түшүм алды

Чүй облусунун Москва районундагы «Ала-Тоо-Т» үрөнчүлүк чарбасы быйылкы жылы кант кызылчасынан жогорку түшүм көрсөткүчтөрүнө жетишти.

Аталган чарба район аймагындагы Мамлекеттик айыл чарба жер фондунун 308 гектар жер аянтын ижарага алып, анда ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүп келет. 2025-жылы чарба 140 гектар жерге кант кызылча, 60 гектарга соя, 108 гектарга күздүк буудай айдаган.

Кант кызылчанын «Акация» сорту 140 гектар жер аянтка себилип, учурда түшүм жыйноо иштери жүрүп жатат. Алгачкы маалыматтарга ылайык, 1 гектардан орточо 600 центнерден түшүм алынууда. Бул көрсөткүч Москва району боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп эсептелет, анткени район боюнча орточо түшүмдүүлүк 460 центнерди түзүүдө.

Жогорку көрсөткүчтөрдү камсыз кылууда чарбанын дыйкандары тарабынан сапаттуу үрөн колдонулуп, агротехникалык талаптар так сакталган. Бул өз кезегинде айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана айыл жериндеги эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзүүдө.

Москва райондук айыл чарба башкармалыгынын маалыматы боюнча, мындай жыйынтык дыйкандардын эмгегинин жана туура агротехникалык ыкмаларды колдонуудагы аракетинин жемиши болуп саналат.

Связанный пост