Президент Садыр Жапаров Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-майда, дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык биржалардын бири Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен Чолпон-Ата шаарында жолугушуу өткөрдү.

Тараптар Кыргызстанда виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү, ошондой эле киберкоопсуздук жана санариптик коркунучтарга каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров Кыргызстан санариптик активдерди киргизүү боюнча олуттуу кадамдарды жасап жатканын баса белгиледи. Ал санариптик сомду ишке киргизүү боюнча жүрүп жаткан иштерге токтолду. Тиешелүү мыйзамга жакында кол коюлган.

Өз кезегинде Чанпэн Чжао санариптик активдер жаатында кызматташууга даярдыгын, анын ичинде санариптик улуттук валютаны жана адистерди даярдоо үчүн билим берүү программаларын киргизүү боюнча Кыргызстандын адистерине консультация берүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Мамлекет башчысы тараптардын биргелешкен аракети Кыргызстанды жана бүтүндөй аймакты санариптик өзгөртүүлөрдүн борборуна айландыра аларына ишеним билдирди.

Садыр Жапаров ошондой эле Binance компаниясынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаого Кыргыз Республикасынын Президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси күбөлүгүн тапшырды.

Маалымдама: Чанпэн Чжао, CZ деген ат менен белгилүү болгон кытай-канадалык ишкер. Ал 2017-жылы Binance компаниясын негиздеген. Компания кыска убакытта соода көлөмү, өтүмдүүлүк жана колдонуучулардын саны боюнча тармактагы лидерге айланган. 2020-жылы Binance смарт келишимдер колдоосу менен блокчейнди — Binance Smart Chain (BSC) ишке киргизди. Тармак кийинчерээк BNB (Build and Build) Chain деп өзгөртүлгөн. Чанпэн Чжао борборлоштурулган компания катары Binance’тин өзүнөн көз карандысыз, масштабдуу, ыкчам жана арзан блокчейн инфраструктурасынын идеясын илгерлеткен. BNB Chain көптөгөн блокчейн долбоорлор үчүн негиз болуп калды.

Связанный пост