Жыл башынан бери өлкөдө 5 881 жол белгиси өндүрүлдү

 Жыл башынан бери өлкөдө 5 881 жол белгиси өндүрүлдү

“Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жыл башынан июль айына чейин 5 миң 881 даана жол белги өндүрдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол белгиден тышкары 10 миң даана катафот, полимердик-порошок боёкту колдонуу менен 7 миң 500 метр мамы сырдалып, даярдалды.

“Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси тарабынан Жол тейлөө ишканаларына келишимдин негизинде керектүү жол белгилер берилүүдө.

Учурда бир катар Жол тейлөө ишканалары тарабынан эски жол белгилер алынып, жаңы жол белгилер орнотулуп жатат.

Связанный пост