ЖКККББ: Өлкө аймагында бир жума ичинде 16,5 миңге чукул жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 13-ноябрынан тартып, 19-ноябрына чейин, алдын ала маалымат боюнча өлкө аймагында 16 454 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-242;
-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -275;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-41;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-582;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2630;
-Авто ээнбаштык – 5;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4197;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –8479;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1302 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.