ЖК төрагасы мамлекеттик тилге астейдил көңүл бурууга чакырды

 ЖК төрагасы мамлекеттик тилге астейдил көңүл бурууга чакырды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик тилге байланышкан мыйзам долбоору каралып, төрага Нурланбек Тургунбек уулу аталган маселеге астейдил көңүл бурууга чакырды.

“Башка улуттар бар, биз көп улуттуубуз деп жүрүп, мамлекеттик тилибиздин азыркы абалын көрүп жатасыңар. Кейиштүү абалда. Биз башкаларга жакшы көрүнөбүз деп популист болуп, убактылуу упай топтойбуз деп жүрүп, мына ушуга келдик. Кыргыз мамлекетинде жашап, иштеп жатабы, кыргыз тилин билсин, кыргыз тилинде сүйлөсүн. Бул жерде эч кандай кошоматчылыктын кажети жок. Андыктан, сунушталган мыйзам долбоорун толугу менен колдошубуз керек”, – деди төрага.

Ошондой эле ал айрым мамлекеттер өз тилин колдоп, бала бакчадагы балдардан да талап кылып жатышканын мисал кылды.

“Тилди жоготсок улут жоголот, улут жоголсо мамлекет жоголот. Ошондуктан тилибиздин келечегине кам көрүп, мыйзам талаптарын күчөтүшүбүз зарыл”, – деп кошумчалады.

Связанный пост