Ысык-Көл жана Нарында катуу шамалдан жабыркаган турак жайлар такталууда

 Ысык-Көл жана Нарында катуу шамалдан жабыркаган турак жайлар такталууда

Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан 18-майда Ысык-Көл жана Нарын облустарында катталган катуу шамалдан жабыркаган турак жайларды тактоо иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иликтөөнүн жүрүшүндө Ысык-Көл облусу боюнча жалпы облус боюнча 5 көп кабаттуу турак үй, 217 турак үй, 17 социалдык объект, 127 чарба курулуштар, 3 даана унаа, 26 трансформатор жабыркап, 139 бак кулаган.

Ал эми Нарын облусу боюнча жалпы 30 турак үй, 43 сарай, 1 маданият үйү, 1 дүкөн, 1 мектеп, 5 короо (навес), 7 дубал, 1 цех жабыркаган.

Белгилей кетсек, бүгүн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу, Тоң райондорунун жана Каракол шаарынын, ошондой эле Нарын, Ат-Башы, Кочкор райондук Жарандык коргонуу комиссиялары тартылып, тактоо иштерин улантып жатат.

Связанный пост