Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүүнүн деталдары талкууланды

 Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүүнүн деталдары талкууланды

13-июлда Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Будапешт шаарынын мэринин маданият иштери боюнча орун басары Аннет Бош менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек жана Будапешт шаарларынын ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтык, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды 2022-жылы ишке ашыруу талкууланды.

Элчи Кушчубеков вице-мэрди Будапешт шаарынын вице-мэри кызматына шайланышы менен куттуктап, Будапешт шаарындагы гул бакчага Ч. Айтматовдун ысымын ыйгарууга көмөктөшкөн мажар тарапка ыраазычылык билдирип улуу кыргыз жазуучусунун жаркын элесине Венгриянын аяр мамилесин баса белгилеп, мажар тарап менен анын эстелигин орнотуу маселесин, ошондой эле аянтты мындан ары көрктөндүрүү пландарын талкуулады.

Ошондой эле элчи Кушчубеков эки өлкөнүн ортосунда бир катар маданий иш-чараларды, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында Венгрияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү пландалып жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Бош Кыргызстандын Венгриядагы элчилиги жана Бишкек шаарынын мэриясы менен мындан аркы биргелешип иштөөгө даяр экендигин билдирип, венгер тараптын Кыргызстандын Венгрияда маданият күндөрүн майрамдоого катышууга даярдыгын белгиледи.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди активдештирүү маселелери боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.

Связанный пост