Улуттук гвардияда Аба-десанттык аскерлеринин күнү белгиленди

 Улуттук гвардияда Аба-десанттык аскерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн, 2-августта КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнүн базасында Аба-десанттык аскерлеринин түзүлгөндүгүнүн 92 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, анын алкагында спорттун кол күрөш, гиря спорту жана аркан тартыш түрлөрү боюнча турнир өттү.

Мелдеште 10126, 10127 жана 10128 аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы катышты.

Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр кубок, 1- жана 2-даражадагы дипломдор, баалуу белектер, ошондой эле өзүнчө номинациялардагы мыкты көрсөткүчтөрү үчүн грамоталар менен сыйланышты.

Турнир Аба-десанттык аскерлердин ардагерлеринин жигердүү жардамы менен уюштурулду.

Маалымат үчүн: мурдагы Советтик Союздун кээ бир өлкөлөрү сыяктуу Кыргыз Республикасы дагы жыл сайын 2-августта Аба-десанттык аскерлеринин күнүн белгилеп келүүдө.

Анын туулган күнү болуп 1930-жылдын 2-августу эсептелет. Ушул күнү СССР Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик-аба күчтөрүнүн Москва аскердик округунунда өткөн көрсөтмө машыгуунун жүрүшүндө он эки аскер кызматчылардан турган топ биринчи жолу парашюттан секиришкен.

Связанный пост