Улуттук банк күмүш коллекциялык монеталарды чыгарууну пландаштырууда

 Улуттук банк күмүш коллекциялык монеталарды чыгарууну пландаштырууда

Улуттук банк күмүш коллекциялык монеталарды чыгарууну пландаштырууда.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, 2023-жылга улуттук валютанын коллекциялык монеталарынын эскиздерин иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлердин арасында сынак жарыяланды.

Коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш:

– берилген темага шайкеш келүү;

– жогорку чеберчилик деңгээлде аткаруу;

– маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келүү;

– жеке чыгармачылык.

Сынактын шарттары:

1.Монетанын жасалгасына коюлган талаптар:

«Бешикке салуу» коллекциялык монетасы:

– монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «Бешикке салуу» жазуусу жайгаштырылат;

– монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы – «2023», «Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш.

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (28.28g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.

«Ат чабыш» коллекциялык монетасы:

– монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби, монетанын номиналы (10 сом) жана «Ат чабыш/At chabysh» жазуулары жайгаштырылат;

– монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, монетанын чыккан жылы – «2024» жана «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/World Nomad Games» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш.

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (31.10 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.

«XXXIII Олимпиада оюндары» коллекциялык монетасы:

– монетанын алдыңкы бетине (аверс) негизги сюжети, монетанын номиналы (10 сом) жана «XXXIII Олимпиада оюндары/2024 Olympic Games» деген жазуулар жайгаштырылат;

– монетанын арткы бетинде (реверс) сюжеттин уландысы берилип, мамлекеттик герб, монетанын чыккан жылы – «2024» жана «Национальный банк Кыргызской Республики/Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу түшүрүлүүгө тийиш.

Монетанын металлы жана сапат белгиси (Ag 925), салмагы (31.10 g) аткаруучунун көз карашы боюнча монетанын алдыңкы бети сыяктуу эле, арткы бетине да жайгаштырылышы мүмкүн.

Связанный пост