Саясат

УКМК: КР атайын кызматынын жалган кызматкери аныкталды

2021-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү (Документтердин жасалмасы) кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, УКМК жалган кызматкери аталган Ысык-Көл областынын тургуну 1994-ж.т. КР жараны К.у.А. аныкталды.

Такталгандай, К.у.А. өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырып, жана ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири менен түз байланышта болгонун жашырып, алдамчылык жол менен ар кандай ири компанияларга жумушка орноштуруу шылтоосун кылып, жабырлануучулардын ири суммадагы акча каражаттарын алып жүргөн.
Аталган К.у.А. унаасын тинтүүнүн жыйынтыгында, КР ЖК Аппартанынын кызматкеринин кызматтык күбөлүктөрү, КР ЖК имаратына кирүүчү документ, Россиянын жана дипломатиялык каттоонун эки жасалма унаа номери, Россиянын унаа каттоосунун күбөлүгү, ага катталган, жеке колу коюлган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын визиттик карточкасы, КР ЖК печаты жана уюлдук телефонунан КР УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөттөрү табылып алынды.
Чогулган материалдардын негизинде соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына юридикалык баа берилмекчи.
Азыркы учурда К.у.А. жабырлануучуларга келтирилген зыяндын көпчүлүгүн төлөп берди.
Тергөө иш-чаралары улантылууда.

КР УКМК К.У.А. мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды КР УКМК Ысык-Көл областтык башкармалыгынын 03922 51180 номери аркылуу байлануушуңуздарды же Кыргыз Республикасынын УКМК 0312 660475 нөөмөт кызматына кайрылыңыздар болот.

Поделиться

Жаңылыктар

Садыр Жапаров Рустам Минниханов менен жолугушту

admineltr

Жапаров кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

admineltr

А. Cегизбаевдин баш коргоо чарасы өзгөргөн жок

admineltr