Токмоктогу заводдун дөңгөлөктөрү Кумтөрдө сыноодон өтүүдө

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун Токмок шаарындагы дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводунда калыбына келтирилген ири көлөмдүү дөңгөлөктөр Кумтөр кенинде сыноодон өтүүдө.
Мекемеден билдиришкендей, сыноо иштери кен жайдын карьеринде 21-майда күндүзгү саат 14:45те башталып, бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Сыноо үчүн R 3700 өлчөмүндөгү, жумушчу басымы 117ден 124 Psiге чейинки калыбына келтирилген 4 дөңгөлөк тандалып алынган. Алар №148-Caterpillar 789С үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаага тагылган. 21-майдан 27-майга чейин аталган самосвал 108 мотосаат иштеп, 971 километр жол жүрүп, 124 рейс жасады. Ар бир рейстеги орточо жүктөм 95–100 пайызды түздү. Дөңгөлөктөрдү сыноо иштери Өндүрүштүк окутуу бөлүмүнүн инструкторлорунун жана дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводунун өкүлүнүн коштоосунда күнү-түнү жүрүүдө. Дөңгөлөк монтаждоо участкасынын механиктери тарабынан дөңгөлөктөрдүн басымы жана температурасы үзгүлтүксүз өлчөнүүдө.
Белгилей кетсек, Токмок шаарындагы заводдо ири көлөмдөгү дөңгөлөктөрдү калыбына келтирүүчү жабдуулар 2025-жылы январь айында тесттик режимде ишке киргизилген. Учурда 7 дөңгөлөк кайра калыбына келтирилди. Сыноолор ийгиликтүү өтсө, жылына болжол менен 200дөн 300гө чейин дөңгөлөктү калыбына келтирүү пландалып, 1 жылда 1,5 миллион доллардан көбүрөөк каражат үнөмдөөлөрү күтүлүүдө.