ТМУ бейформал саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлуп, кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Будапешт шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышты.
Саммит Кыргызстандын Уюмга төрагалыгынын алкагында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында ТМУга катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери төмөнкү документтерге кол коюшту жана кабыл алышты:
· Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитинин Будапешт декларациясы;
· «Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын узартуу»жөнүндө чечим;
· «Өзбекстан Республикасынын Түрк маданияты жана мурасы фондуна кошулуусу жөнүндө» чечим;
· Афганистан боюнча Мамлекет башчыларынын кеңешинин билдирүүсү.