ТИМ: РФда жаңы миграциялык мыйзам кабыл алынды делген маалымат жалган

 ТИМ: РФда жаңы миграциялык мыйзам кабыл алынды делген маалымат жалган

 Социалдык түйүндөрдө Россия Федерациясы тарабынан 3 айга миграциялык каттоого туруу менен 2022-жылдын 3-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын жарандарына чыгуу-кирүү жол-жобосун ишке ашыруу керектиги тууралуу мыйзам кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымат тарап жатат.

Буга байланыштуу КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына таянуу менен аталган маалымат чындыкка дал келбей турганын белгилейт.

“ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандарын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын миграциялык каттоо мурдагыдай эле эмгек келишиминин негизинде 1 жылга чейинки мөөнөт менен иш жүзүндө жашаган жери боюнча Россиянын аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде ишке ашырылат”, – деп айтылат маалыматта.

Эгерде Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүүгө мыйзамдуу негиздери болсо, 2022-жылдын 3-сентябрына чейин жана андан кийин чыгуу-кирүү жол-жобосун жүргүзүүнүн зарылдыгы жок.

ТИМ мекендештерден РФнын миграциялык мыйзамдарын так сактоону суранат.

Связанный пост