Коом

Сутка ичинде коронавирус 66 адамдан табылды

Бир сутка ичинде коронавирус  66 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда  катталды. Бул илдеттен Ысык-Көл облусунан бир, Бишкек шаарынан 2 адам каза болду. Ошол эле учурда бир күндө 68 адам оорудан айыгып чыкты. Азыр ооруканада 358 адам жатат, дагы 328 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпысынан өлкөдө жугуштуу дарттан  кайтыш болгондордун саны  1 миң 463 адамга жетти. Пандемия  башталгандан бери республикада  86 миң  91 киши жугуштуу ооруга кабылган.

Поделиться

Жаңылыктар

COVID-19: 1 адам каза болуп, 48 бейтап катталды

admineltr

”Спутник v” вакцинасы кыргызстанда катталды

admineltr

Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

admineltr