Сеулда Кыргызстандын делегациясы Жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү менен кызматташтык маселесин талкуулады

 Сеулда Кыргызстандын делегациясы Жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү менен кызматташтык маселесин талкуулады

Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов башында турган Кыргызстандын делегациясы Кореяга болгон жумушчу сапарынын алкагында Жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Тараптар Жашыл климаттык фонддо Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигин (АРИС) аккредитациялоо процессин жана фонд алкагында долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, кыргыз тарап Кыргызстандын туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн инвестицияларды тартуу, жакырчылыкты жеңүү, жеке ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо, айыл элинин иш менен камсыз болушун жана кирешесин жогорулатуу, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу, кайра жаралуучу энергия булактары, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жаатында жергиликтүү жамааттардын чечимдерди кабыл алуу көндүмдөрүн окутуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу артыкчылыктуу багыттарга басым жасады.

Кыргыз тарап Жашыл климаттык фонд Кыргызстандын улуттук жана аймактык климаттык долбоорлоруна колдоо көрсөтөрүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде Жашыл климаттык фонддун өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришип, аларды ушул жылдын сентябрында Сеулда өтө турган глобалдык конференцияга катышууга чакырышты.

Связанный пост