«Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо бекитилди

 «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо бекитилди

«Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

«Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине маалыматтык автоматташтыруу системасын киргизүү максатында иштелип чыккан.

«Санарип аймак» АМСтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин автоматташтыруу жана маалыматтык коомду калыптандыруунун техникалык жана технологиялык негиздерин өнүктүрүү;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке жана юридикалык жактар менен натыйжалуу жана туруктуу өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде алар тарабынан сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле бул үчүн зарыл болгон маалыматтарды тоскоолдуксуз жана өз убагында алуу үчүн;

– коррупциялык факторлорду четтетүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймагында калкты жана үй чарбаларын талаптагыдай эсепке алуу;

– шайлоо, референдум өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын тизмесин, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүүдө маалыматтарды жыйноону жеңилдетүү;

– жергиликтүү коомчулуктагы калкты социалдык коргоо программаларын иштеп чыгуу үчүн «Санарип аймак» АМСтин маалыматтарын пайдалануу.

Белгилесек, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы «Санарип аймак» АМСти техникалык эксплуатациялоону, тейлөөнү жана өнүктүрүүнү жүзөгө ашыруу үчүн оператор болуп аныкталган.

Связанный пост