Салык органдарына төлөөчүлөргө акысыз негизде гана кызмат көрсөтүү тапшырылды

 Салык органдарына төлөөчүлөргө акысыз негизде гана кызмат көрсөтүү тапшырылды

Мамлекеттик салык кызматы аймактык салык органдарына Бирдиктүү терезелерге кайрылган төлөөчүлөргө иш регламентинде белгиленгендей акысыз негизде гана кызмат көрсөтүүнү тапшырды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, акысыз кызмат көрсөтүүгө маалымкаттарды жана чечимдерди берүү, отчеттун формаларын басып чыгаруу, документтерди ксерокөчүрмөсүн берүү жана башкалар кирет.

Мындан тышкары, аймактык салык органдарынын имараттарына салык төлөөчүлөргө акы төлөө негизинде кызмат көрсөтүүчү башка уюмдарды, ишкерлерди же жеке жактарды (салыктардын жана төлөмдөрдүн суммасын кабыл алган финансы-кредиттик мекемелерден тышкары) жайгаштырбоо тапшырылды.

Мындай талап менен Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов салык органдарынын жетекчилерине жумушчу кеңешменин жүрүшүндө кайрылды.

Ведомствонун жетекчиси аймактык салык органдарынын башчыларына салык кызматтарын көрсөткөндүгү үчүн акы төлөөнү талап кылууга жол бербөөнү, ошондой эле акы төлөнүүчү кызмат көрсөткөн бөтөн жеке жактардын имаратта болбосу жөнүндө катуу эскертти.

Салык кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир кызмат көрсөткөндүгү үчүн акча каражаттарын алуу, ошондой эле салык органынын имаратында башка уюмдар жана ишкерлер тарабынан акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү фактысы аныкталган учурда, жетекчилерге карата жумуштан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары көрүлөт.

“Салык кызматына кайрылган ар бир салык төлөөчү акысыз негизде салыктык кызмат көрсөтүүнү, анын ичинде консультациялык кызматты пайдаланууга укуктуу. Ар бир салыкчы “салык кызматы – салык төлөөчүнүн кызыкчылыгы үчүн” принцибин бекем карманып, аларга салык милдеттенмелерин өз убагында жана толук өлчөмдө аткаруусуна жардам бериши керек”, – деп белгиледи А.Абдувапов.

Мамлекеттик салык кызматы салыкчылардын мыйзамсыз иш-аракеттери байкалган учурда салык төлөөчүлөрдү (0312)613189, (0779)613189 (Whatsapp) ишеним телефонуна кайрылууга чакырат, анда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт.

Связанный пост