Салык кызматынын лотереясынын катышуучуларынын саны 100 миңден ашты

 Салык кызматынын лотереясынын катышуучуларынын саны 100 миңден ашты

Учурда 100 миңден ашуун кыргызстандыктар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясына катышууда.

“Салык чек” тиркемесин жүктөгөн жүз миңинчи колдонуучу Бишкек шаарынын тургуну болду.

Бүгүнкү күндө лотереянын катышуучулары 6,7 млрд сомдон ашуун суммадагы кассалык чектерди сканерден өткөрүшүп, 6,6 млндон ашык лотереялык ID-белеттерин алышты, алардын ар бири алдыдагы баалуу байгелерди ойнотууга катышат.

Эскерте кетсек, Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 10-майынан тартып “Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясын өткөрүүдө. Лотереянын негизги милдети – жарандарды товар же кызматтарды сатып алууда кассалык чек талап кылууга кызыктыруу.

Лотереянын экинчи утушу 2022-жылдын 1-октябрында өтөт. Бул күнү бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 1 автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 11 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотулат.

Лотереяга катышуучу үчүн “Салык чек” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жана тиркеменин сканеринин жардамы менен сатып алуу учурунда алынган кассалык чектердеги QR-кодду сканерден өткөрүү зарыл.

Связанный пост