Салык кызматы он айда 165,8 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

 Салык кызматы он айда 165,8 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

2022-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы 165 млрд 869,1 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 48,9 млрд сомго көп.

Анын ичинде 125 млрд 287,2 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 100% аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39 млрд 517 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 146,1%).

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 40 млрд 581,9 млн сомду түздү. План 102,6%га аткарылды. 2021-жылдын 10 айына салыштырмалуу 9 млрд 434,2 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 130,3%).

Связанный пост