Салык кызматы ишкерлерге 10 миң гибриддик ККМди акысыз тарата баштады

 Салык кызматы ишкерлерге 10 миң гибриддик ККМди акысыз тарата баштады

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге жаңы муундагы 10 миң гибриддик контролдук-кассалык машиналарды акысыз берүүгө киришти.

ККМ бир катар себептерден улам кассалык аппараттарды өз алдынча сатып ала албаган ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында акысыз таратылууда.

Орнотулган POS-терминалы (төлөм карталарын төлөөгө кабыл алуу функциясы) жана кассалык чек принтери менен бул гибриддик ККМдер субъекттин ишкердик активдүүлүгү учурунда акысыз берилет.

ККМ аппаратын алуу үчүн салык төлөөчү экономикалык иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз бериши керек.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө ККМди 54 миңден ашык ишкер колдонууда.

Связанный пост