Салык кызматы айрым ишкерлерди Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруудан бошотту

2025-жылдын 16-апрелинен тартып Салык кызматы айрым жеке ишкерлерди жана патент менен иштеген жарандарды Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) тапшыруудан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Маалыматка ылайык, бошотуу төмөнкү жарандарга тиешелүү болот:
– 0%, 0,1%, 0,5% жана 1% бирдиктүү салык ставкалары менен
базарларда соода жана фермердик чарба менен алектенген жеке ишкерлер;
– Патент менен иштеген жарандарга;
– Айрым соода аймактарында өзгөчө режим менен иштегендерге;
– Юридикалык жак түзбөстөн иш алып барган дыйкан чарбаларына.
“Бул өзгөртүүлөрдүн максаты —административдик жүктү азайтууга, жарандардын салык системасына болгон ишенимин жогорулатууга жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Өзгөрүүлөр Салык кодексине киргизилет”, – деп кошумчалады Ысабеков.