Садыр Жапаров ЖККУнун кезектеги сессиясына катышуу үчүн Арменияга учуп кетти

 Садыр Жапаров ЖККУнун кезектеги сессиясына катышуу үчүн Арменияга учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн 23-ноябрда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Ереван шаарына (Армения Республикасы) иш сапары менен учуп кетти.

Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ортосундагы шериктештикти бекемдөөгө, ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:

– Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов;

– Коргоо министри Бактыбек Бекболотов;

– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.

Белгилей кетсек, Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын алкагында ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Армения Республикасынын Уюмга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Беларусь Республикасынын төрагалык мезгилинде ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматтарды угат.

Связанный пост