Садыр Жапаров: “Саясий оюндардын баары бүттү. Мындан ары экономика менен алектене турган жылдар!”

 Садыр Жапаров: “Саясий оюндардын баары бүттү. Мындан ары  экономика менен алектене турган жылдар!”

«Саясий оюндардын баары бүттү. Эми мындан ары — саясий оюндардын эмес, экономика менен алектене турган жылдар!», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган министрлер кабинетинин жыйынында.

Мамлекет башчысы өткөн жылы конституциялык өзгөртүүлөр менен катар бардык тармактарды өнүктүрүү боюнча жарлыктар, мыйзамдык актылар иштелип чыгып, кабыл алынганын белгиледи.

«Мамлекеттик башкаруунун жаңы системасына өттүк.

Шайлоолорду өткөрдүк.

Баткен облусун калыбына келтирүүнү колго алдык.

Демек, саясий оюндардын баары бүттү деп эсептейм.

Эми мындан ары — саясий оюндардын эмес, экономика менен алектене турган жылдар!

Сөзүмдү алыстан баштайын.

Кыргызстан бүткүл дүйнө менен бир алкакта турабыз.

Дүйнө өнүгүүсүнө түздөн-түз байланышканбыз.

Дүйнөнү каптаган пандемиянын кесепети бизге да тийди, ар түрдүү санкциялардын кесепети да тийбей калган жери жок.

Жана башка көп нерсени айтсак болот.

Биз да дүйнөлүк уюмдар менен тыгыз кызматташып келебиз.

Биринчиси — Дүйнөнү жакшыртууда, адамзаттын жашоо-турмушун оңдоодо Бириккен Улуттар Уюмунун 17 пункттан турган Туруктуу өнүгүү максаттарынын мааниси чоң, кулачы кенен.

Биз да ушул программага киргенбиз.

2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жазууда ушул максаттар толук эске алынган.

Бүгүн Кыргызстан БУУ тарабынан белгиленген Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын көрсөткүчтөрүн 50%га жеткирди.

Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү — мамлекеттик органдардын жана министрлер кабинетинин ишинин негизги көрсөткүчү болуп баратат.

Учурда Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын 232 глобалдык индикаторунун 140ы боюнча улуттук аналогдор иштелип чыккан.

Жашыл экономика, жашыл мурас, климатты жакшыртуу, мөңгүлөрдү сактоо демилгелерибиз Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын бир компоненти экендигин белгилеп кетким келет.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Экинчиси — Евразия экономикалык бирлиги.

Бул — биз байланышкан дүйнөдөгү орду бар дагы бир чоң уюм.

Бул уюмга мүчө болуп турушубуздун өзү биздин өлкөнүн дүйнөлүк экономика менен тыгыз байланышта экендигибизди дагы бир жолу тастыктайт», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Кыргызстан азыр ыңгайлуу позицияда турабыз.

Темир жол транспорту, авиация инфраструктурасын түзүү иштери күчөтүлөт.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Мамлекет башчысы глобалдык өзгөрүүлөрдүн жана дүйнөлүк экономикалык борбордун чыгышка жылышынын шартында жаңы логистикалык коридорлорду өнүктүрүү жана толук кандуу транспорттук байланышты камсыз кылган транспорттук системаларды түзүү биринчи планкага чыгып жатканына көңүл бурду. Кыргызстан азыр ыңгайлуу позицияда турат. Темир жол транспорту, авиация инфраструктурасын түзүү иштери күчөтүлөт.

«Дүйнөлүк экономикалык трансформация жана тышкы терс факторлордун таасири шарттарында биз өлкөнүн экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди, күчтү, ресурстарды бириктирип, өнүгүүгө карай багыт алышыбыз керек», — деди президент Садыр Жапаров.

Связанный пост