Садыр Жапаров: Кумтөр Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды

 Садыр Жапаров: Кумтөр Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды

“Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды”, – деп белгиледи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта, өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыыгна карата мамлекеттик тууну көтөрүү салтанатында сүйлөгөн куттуктоо сөзүндө.

Мамлекет башчысы белгилегендей, быйыл жалпы аракет менен мамлекеттин, улуттун жана мамлекеттин кызыкчылыгы чечкиндүү түрдө корголду.

“Быйыл жалпы аракетибиз менен мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы үчүн бекем туруп, өзүбүздүн позициябызды чечкиндүү түрдө коргоп, республикалык бюджеттин түзүлүшүнө чоң салым кошкон Кумтөрдү – улуттук кенчибизди өз энчибизге алдык.

Буга жалпы элибиз маңдайы жарыла кубанды. Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды. Буга жетүү оңой-олтоң болгон жок, сүйлөшүүлөр абдан оор жүрдү. Биздин пайдабызга мындан да оң чечимдердин кабыл алынышына кепилдик жок эле, андан сырткары, биз ал арада көптү жоготуп, убакыттан уттурмакпыз.

Ошентсе да мындан жыйырма жыл мурда эле болчу окуя ушинтип быйыл ишке ашты. Бул жалпы кыргызстандыктардын жеңиши!

Бул иш мамлекетибиздин өсүп-өнүгүү жолундагы ири жетишкендиктердин башаты болсун дейли. Мындан ары “Кумтөр” элибизге узак жылдар бою кызмат кылсын!” – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент белгилегендей, баа жеткис мурас болгон эгемендүүлүктүн баркына жетүү, ыйык сактоо, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык кубаттуулугун арттыруу, акыркы жылдары башталган чоң-чоң программалык милдеттерди жана реформаларды ырааттуу жүзөгө ашыруу, элибиздин бакубат, бардар жашоосу, күчтүү экономикалык жана социалдык саясат бардык иш-аракеттердин башкы багыты болуп калды.

Бул жааттагы алгылыктуу жана чечкиндүү аракеттерибиздин үзүрү сезилип, көрүнө баштады.

“Жыл башында Кыргызстанда 2022-жыл – Тоо экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланып, “Жашыл мурас” аттуу улуттук өнөктүк башталып, токой бактарын отургузуу иш-аракеттери сындуу олуттуу демилгелер ишке ашырылып жатат.

Бул иш-аракеттердин баары азыркы учурубузда дүйнөлүк көйгөйгө айланган экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо максатында жүргүзүлүп келет.

Мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу, өлкө эгемендүүлүгүн бекемдөө, коопсуздугун камсыз кылуу багытында коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасын чыӊдоо, чек арачыларыбызды жаңы талаптарга жооп берген заманбап техникалар менен камсыз кылуу иштерин быйыл да улантып жатабыз.

Атайын багыттагы бөлүктөргө заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, зооттолгон унаалар, учкучсуз учактар, тик учактар алынып жаткандыгына күбө болуудасыздар.

Мындай заманбап техникалардын алынышы менен мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү жана өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүү дарамети бир кыйла жогорулап, мамлекетибиздин коопсуздугу камсыз кылынды!

Мамлекетибиздин энергетикалык коопсуздугун бекемдөө боюнча да иштиктүү чаралар көрүлүп жатат. Кыргызстанда эгемендүүлүктү алгандан бери өлкө энергетиктери биринчи жолу өз күчтөрү менен кыска мөөнөттө энергетика жаатында жаңы объектилерди ишке киргизишүүдө.

Ал эми кыргыз энергетикасынын келечектеги флагманы болгон Камбарата-1 ГЭСинин курулушунун башталышы – өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына жасалган чоң кадам. Быйыл чакан ГЭСтерди курууга да өзгөчө көңүл бурулууда.

Бул аракеттер энергетиканын кубаттуулугун гана арттырбастан, аны экспорттоого да шарт түзөт. Келечекте Кыргызстан электроэнергияны импорттоочу өлкөдөн экспорттоочу өлкөгө айланат.

Кудай буюрса, Камбарата-1 ГЭСинин долбоорун ишке ашырсак, бул иш Кыргызстандын көз карандысыздыгына биздин кошо турган чоң салымыбыз жана ири жетишкендигибиз болот!

Темир жол тармагыбыздын өнүгүшү дагы жаңы багытка бет алып, эгемендүүлүк тарыхыбызда биринчи жолу темир жолдун курулушун өз күчүбүз менен баштадык. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууга киришти.

Өз күчүбүз менен жаңы темир жол куруунун натыйжасында өнөр жай ишканаларын өркүндөтүүгө, экономиканы алдыга жылдырууга шарт түзүү, аймактарыбызды транспорт байланышын арттыруу жана жалпы эле өлкө бүтүндүгүн чыңдоо сыяктуу бир нече милдеттерди чечүүгө жол ачылат.

Жогоруда аталган чоң-чоң иштердин баары мамлекеттин бюджетинен каралып, өзүбүздү өзүбүз камсыздоого багыт алганыбызды баса белгилеп кетким келет.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курабыз. Ошондой эле биз салык, бажы төлөмдөрүнө көзөмөлдү күчөтүп, өлкө казынасын толтуруу аракеттерибиздин үзүрүн көрө баштадык.

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттин кирешеси 122 млрд сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгына салыштырмалуу 49,5 пайызга же 40,4 млрд сомго өстү”, – деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы жүргүзүлүп жаткан каржылык-экономикалык саясаттын негизинде ушул жылы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, бюджеттик чөйрөдө, анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү, калкты социалдык жактан камсыздоо жана башка чөйрөдө эмгектенген кызматкерлердин айлык маянасын сезилерлик көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгонүн белгиледи.

Мындан тышкары, айрым категориядагы жарандардын социалдык жөлөкпулдарынын өлчөмү жогорулады. Ушуну менен бирге айрым жөлөкпулдардын түрү 2021-жылдын 1-октябрына чейин төлөнгөн жөлөкпулдардын көлөмүнө салыштырмалуу 100дөн 200 пайызга чейин жогорулады.

Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү биринчи жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 45 пайызга өстү.

“Мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу, кесипкөйлүктү арттыруу, кадрдык туруктуулукту камсыз кылуу максатында былтыр жергиликтүү акимдерди ротациялоо жүргүзүлдү.

Кудай буюрса, бул ыкма жакшы натыйжаларды берди, буга көпчүлүк эл ыраазы болушууда. Бул ыкма быйыл сот, прокуратура кызматкерлерине да колдонулду. Билесиздер сотто, прокуратура органдарында акыйкат издегендер үчүн, дегеле, өлкөдөгү сот тутумуна элдин ишенимин кайтаруу максатында бул иш-аракеттин маани-маңызы чоң.

Бул иш-аракеттерибиз дагы өз максатына жетет деп ишенем”, – деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Связанный пост