Садыр Жапаров Ильхам Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын билдирди

 Садыр Жапаров Ильхам Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын билдирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Бишкекте Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын билдирди.

Садыр Жапаров басма сөз өкүлдөрүнө төмөндөгүдөй билдирүү жасады:

»Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев мырза менен Бишкек шаарынан жолугушуу мен үчүн чоң кубаныч болду. Бул анын Кыргыз Республикасына болгон биринчи мамлекеттик сапары.

Бакуга болгон иш сапарымдан жарым жыл өткөндөн кийин урматтуу Ильхам Гейдарович жооп кылып өлкөбүзгө келип жатканына абдан кубанычтамын. Себеби, бул сапар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин бекемдигин дагы бир жолу далилдеди.

Биз стратегиялык өнөктөштүктүн деми менен мамлекеттерибиздин ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча мазмундуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Эки тарапты кызыктырган эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алыштык.

Сүйлөшүүлөр эки мамлекеттин ортосундагы боордоштук мамилелерди мүнөздөгөн өз ара толук түшүнүшүү, ачык-айкындык жана ишеним маанайында өттү.

Биз стратегиялык өнөктөштүгүбүздү жандандыруу жана кеңейтүү багытынын өзгөрбөстүгүн ырастадык.

Мамлекеттер аралык кеңештин ишке кириши жана бүгүнкү кол коюлган макулдашуулар саясий жана соода-инвестициялык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгыбызды активдүү өнүктүрүүнүн айкын көрсөткүчү экенин канааттануу менен белгилейм.

Маданий-гуманитардык чөйрөдө боордош эки элдин бузулбас достугунун символу болуп калган Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы эки жалпы билим берүүчү мектептин ачылышын өзгөчө бөлүп көрсөткүм келет.

Бул өңүттө эки өлкөнүн, эки элдин ортосундагы өз ара ынтымакты, достукту жана кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө болгон бул долбоорлорду ишке ашыруунун маани-маңызын канааттануу менен баса белгилейм.

»Кыргызстандын келечеги болгон жаштарыбыз ушундай мыкты мектептерден билим алышары кубандырат. Биздин улан-кыздарыбыз боордош Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын көпүрөсү болуп берет деп бекем ишенем.

Ошондой эле азербайжандык досторубуздун жардамы менен жакында курулуп бүткөрүлгөн «Кыргызстан менен Азербайжандын достук паркынын» ачылышына күбө боло турганыбызды кубануу менен белгилей кетейин.

Бул сейил бак шаардыктар менен калаабыздын меймандарынын сүйүктүү эс алуу жайына айланарына үмүт артам.

Биз дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алдында кийинки баскыч катары Биргелешкен өнүктүрүү фондунун ишин тездетүү, Кызматташтыкты өнүктүрүүнүн 5 жылдык комплекстүү программасына кол коюуга жетишүү жана 2023-жылы Кыргызстандын Маданият күндөрүн Азербайжанда, ал эми 2024-жылы Азербайжандын Маданият күндөрүн Кыргызстанда өткөрүү боюнча макулдаштык.

Эки тараптуу мамилелерибиздин мындан аркы өнүгүшү абдан позитивдүү болот деп ишенем.

Биз Азербайжан инвесторлорунун Кыргызстанга келишин кубаттайбыз жана экономика тармактарында кызматташууга даярбыз. Транспорт-логистика чөйрөлөрүндө, маалыматтык-коммуникациялык технология, билим берүү, туризм жана спорт тармактарында көп иштер жасалышы керек.

Бүгүн биз ата-бабаларыбыздын тарыхый осуяты болгон өз ара алака-катышыбыздын стратегиялык мүнөзүн дагы бир жолу тастыктадык, аларды эң жогорку деңгээлге чыгардык.

Урматтуу президент Илхам Гейдаровичке Азербайжан менен Кыргызстандын жана азербайжан эли менен кыргыз элинин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирем. Азербайжан элинин бакубатчылыгы үчүн бийик максаттарга жетүүсүнө албан-албан ийгиликтерди жана кажыбас кайрат каалайм. Ал эми бардык боордош азербайжан элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү тилейм».

 

Связанный пост