Садыр Жапаров БУУнун Кыргызстандагы тутумунун жаңы дайындалган Туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды

 Садыр Жапаров БУУнун Кыргызстандагы тутумунун жаңы дайындалган Туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 5-октябрда, БУУнун Кыргыз Республикасындагы тутумунун жаңы дайындалган Туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды.

Сүйлөшүүнүн башында Антье Граве Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды.

Мамлекет башчысы Антье Гравени бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып өлкөгө көрсөтүп келе жаткан жардамы үчүн БУУнун Кыргызстандагы  тутумуна ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен БУУнун агенттиктери ортосундагы кызматташуусунун деңгээли жогору экенин белгилеп, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан институционалдык реформалар тууралуу айтып берди.

Президент Кыргыз Республикасы БУУнун Уставында бекитилген жалпы таанылган максаттарды жана принциптерди сактоону карманганын жана мындан ары да аларды жактоого даяр экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Кыргызстандагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Антье Граве Кыргызстанды БУУга мүчөлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, бул кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында кабыл алынган Кыргызстандын 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялоо, 2022-жылды Кыргызстанда “Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук” жылы деп жарыялоо жана “Жашыл Мурас” улуттук бак-дарак отургузуу өнөктүгү боюнча демилгелерине жогору баа берди.

Антье Граве БУУ Садыр Жапаровдун жетекчилиги астындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн реформаларын жана программаларын алдыга жылдырууну колдоорун ырастады.

Жолугушуу жүрүшүндө БУУнун Кыргызстандагы тутумунун Туруктуу координатору кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы конфликттин натыйжасында адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Мамлекет башчысына көңүл айтып, БУУнун тутуму Баткен облусунун жапа чеккен райондоруна мындан ары да зарыл жана тез арадагы жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Связанный пост