Садыр Жапаров Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында «Борбор Азия – Италия» саммитине катышууда
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда, Казакстандын Астана шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында «Борбор Азия – Италия» биринчи саммитинин жыйынына катышып жатат.
Иш-чаранын алдында мамлекет башчысын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.
Делегация башчылары саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин саммитке катышуу үчүн залга өтүштү.