Садыр Жапаров Өзгөндүн тургундары менен жолугушуу өткөрдү

 Садыр Жапаров Өзгөндүн тургундары менен жолугушуу өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-октябрда, Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жергиликтүү калкка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы чек ара маселелерине жана “Кемпир-Абад” суу сактагычына байланыштуу кеңири маалымат берилди.

Мындан тышкары, район тургундары аларды кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Жолугушууга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Связанный пост