Республикага жалпысынан 41,9 миӊ тонна минералдык жер семирткич ташылып келинди

 Республикага жалпысынан 41,9 миӊ тонна минералдык жер семирткич ташылып келинди

2023-жылдын 22-мартына карата республикага жалпысынан 41,9 миӊ тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келинди. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер семирткичтер ичинен:

  • азоттук минералдык жер семирткичтер – 33,5 миӊ тонна,
  • фосфордук минералдык жер семирткичтер – 8,1 миӊ тонна,
  • калийдик минералдык жер семирткичтер – 0,3 миӊ тоннаны түздү.

Бүгүнкү күндө Казакстанда жана Россияда өндүрүлгөн аммиак селитрасынын 1 кг баасы 38,0-40,0 сомду түзсө, Өзбекстандан өлкөнүн түштүк аймактарына ташылып келинген аммиак селитрасынын баасы 28,0-30,0 сом/кг, карбамиддин баасы 36,0-38,0 сом/кг жана түндүк аймактарда аммиак селитранын баасы 30,0-32,0 сом/кг, карбамиддин баасы 38,0-40,0 сом болууда.

Бүгүнкү күндө жалпы 49704 га аянка 5507 тонна органикалык жер семирткичтер чачылды.

Связанный пост