Район акимдери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү

 Район акимдери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү

Райондун акимдери мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эл аралык майыптар күнүндө төрт райондун жетекчилиги үй-бүлөлөргө барып, белектерин тапшырып, материалдык жардам көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, шаардык социалдык өнүктүрүү тармагында 11500 миңден ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар каттоодо турат, анын ичинде:

– Советтик Армиянын 100 инвалидине;

– Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болгон 107 адам, Советтик Армиянын майыптары, майып-интернационалисттер, майыптык тобу менен тыл эмгекчилери;

– жалпы 1528 майып (I, II, III топтогу);

-2596 көрүүсү жана угуусу начар;

– 3800 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки жана андан улуулар;

– 3336 бала кезинен майыптар;

– 33 интернационалист майыптар (Афганистан).

Борбор калаанын мэриясы даректүү социалдык жардам көрсөтүү боюнча тынымсыз иш алып барууда.

Связанный пост